БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкектен Ош облусунда жашаган атасына качып бара жаткан 7 жана 11 жаштагы эки кыз аныкталып, аларга тиешелүү жардам көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.
Кыздар эч кимге билдирбей, өз алдынча кетип бара жаткандыгы тууралуу маалымат Акыйкатчы институтуна 20-июнь күнү саат 21.05те түшкөн.
"Окуучу кыздар Бишкектеги Батыш автобекетине барып, такси айдоочусуна Ош облусунун Отуз-Адыр айылында жашаган атабызга жеткирип коюңуз деп суранган. Айдоочу дароо бизге жана милицияга кабар берген", — деп айтылат билдирүүдө.
Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева бекетке барган. Кыздар апасы өлүп калгандан кийин атасынын карындашынын үйүндө жашарын, ал аларды кордоп, "колуна тийген нерсе менен уруп иерин" айтып беришкен. Ошондой эле эжеси балдар үйүнө берип салам деп коркутарын кошумчалашкан.
Бүгүндөн баштап кыздардын укугун коргоо жана коопсуздугун камсыздоо иштери башталды.