Аймактардагы мал чарбачылыкты сапаттуу тейлөө максатында бул жылы 110 ветеринардык врач даярдалды. Бул тууралуу Алмазбек Иргашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган ветеринарлардын окуусу айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында иш алып барган эл аралык фонд тарабынан каржыланган.
"Бүгүнкү күндө мал доктурлардын жетишсиздиги мурунку адистердин пенсияга кетип жаткандыгына байланыштуу болууда. Алардын ордун жаңы кадрлар менен толукташ үчүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги атайын эл аралык фонддор менен иш алып барып келет. Бул багытта агрардык тармакты өнүктүрүү максатын көздөгөн эл аралык уюмдардын бири биздин ветеринардык, медицина жана биотехнология факультетин акыркы үлгүдөгү лаборатордук жабдыктар менен камсыздап берди. Ошондой эле аймактардан келип, бул кесипти тандаган студенттердин контрагын жана стипендиясын төлөп жатат. Мына ушундай колдоонун натыйжасында бул жылы 110 студентибиз уядан учуп, жогорку квалификациялуу ветеринар катары аймактарга жөнөтүлүп жатат", — деди Иргашев.
Ошондой эле ал учурда Финляндия мамлекети колдоо көрсөтүп, 600 миң евролук долбоордун алкагында балыкчы жана аквакультура адистери даярдалып жаткандыгын кошумчалады.