Өкмөт үйүндө премьер-министрдин жаңыланган коомдук кабылдамасы ачылды. Сүрөт

Жаңыланган коомдук кабылдама жарандардын кайрылуулары менен иштөө сапатын жакшыртат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Өкмөт үйүндө премьер-министрдин жаңыланган коомдук кабылдамасы ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ачылыш салтанатына өкмөттүн аппаратынын жетекчиси-министр Самат Кылжыев жана Европа биримдигинин "Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү – 2-фаза" программасынын өкүлү Стефанос Кареклас катышкан.

Маалыматта жаңыланган коомдук кабылдама жарандардын кайрылуулары менен иштөө сапатын жакшыртары белгиленген.