БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Соттук отурум 17-июнь күнү Ош шаардык сотунда болгон. Шектүү Мелис Калыковдун жакындары Sputnik Кыргызстан агенттигине соттук отурум учурунда эки тараптын ортосунда пикир келишпестик чыкканын билдиришти.
Алардын айтымында, судья Мелис Калыковдун айрым жакындарын сыртка чыгарып, ал эми маркум Анарбай Мамажакыповдун тарапташтарын залда калтырып койгон. Буга нааразычылык күчөп, ортодо чыр чыккан. Окуянын видеосу YouTube каналына жүктөлдү.
"Ызы-чуу учурунда маркум Анарбай Мамажакыповдун бир тууган иниси Мелис Калыковдун эжесин жаакка чапты", — дешти шектүүнүн жакындары.
Аялдын арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча ("Ээнбаштык") катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Ага шектүү катары Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, ал Мамажакыповду мергенчилик курал менен атып, андан соң кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп салган.