Таза аба жутуп, жаратылышка суктанып... Чүйдүн тоосунда марафон өтөт

Мелдешке Кыргызстандан тышкары Германия, АКШ, Австралия, Россия, Казакстан, Польша, Чехия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Чүй облусунда Kara-Bulak Trail Fest аталышындагы тоо марафону өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 6-июлда өтмөкчү.

"Турнирдин максаты - спортту жайылтуу, дени сак жашоону бекемдөө, таза сууну жана жаратылышты таанытуу, эл аралык спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү", — деп айтылат маалыматта.

Мелдешке Кыргызстандан тышкары Германия, АКШ, Австралия, Россия, Казакстан, Польша, Чехия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышат.

Айдарова: Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Romanel CuP турнири өтөт
Катышуучулар деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктикте турган "Кашка-Суу" тоо-лыжа базасынан баштап "Кара-Булак" эко-резорт эс алуу жайына чейин чуркашат.

Программада жарым марафон, таяк (скандинавдык) менен басуу, веложарыш жана командалар арасындагы мелдештер бар.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери акчалай сыйлыктарга жана белектерге ээ болору айтылды.

Турнирди мамлекеттик спорт агенттигинин колдоосу менен Run the Silk Road эл аралык марафонунун дирекциясы, КРдин Маунтин Байкинг федерациясы, "Евразия" скандинавдык басуунун мектеби жана "Кара-Булак" эко-резорт эс алуу жайы өткөрүүдө.