Акыркы жылдары дыйкандар менен Айыл чарба министрлигинин ортосундагы мамиле көңүл жылытарлык эмес. Жер айдап күн көргөн элеттиктер аталган мекеменин ишине дайым нааразы. Буга өткөн жылы картошка эгип, түшүмүн сата албай дыйкандардын сызга отурганы далил.
Эске сала кетсек, өткөн жылы Айыл чарба министрлиги жарым миллион тонна картошканы Өзбекстанга экспорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн айтып, фермерлерге картошка эгүүнү сунуштаган. Натыйжада дыйкандар мол түшүм алып, бирок кардардын жоктугунан килограммы 4-5 сомго түшүп кетип, катуу зыянга учурашкан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мурашевдин ордуна келген Эркин Чодуевге кайрылып, экс-министрдин айткандары боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алаар-албасына кызыгып көрдү.
Чодуевдин айтымында, мындай сунуштамаларды берүү алдында министрлик алып-сатуу менен алектенген компаниялардын божомолун, кеп-сөзүн угат.
"Биз дыйкандарга кеңеш берер алдында соя, чечевица жана буурчакты алып-сатып иштеген компаниялар менен сүйлөшкөнбүз. Алар жазында үрөнүн берип, күзүндө даяр продукцияны сатып алабыз деп убада берген. Ал продукциялардын баасын базар аныктайт. Негизи жоопкерчиликтен качпайбыз. Убадаларды берүү үчүн экинчи тараптар менен келишим же меморандум болгондон кийин ишеничтүү айтышыбыз керек", — деди Чодуев.
Министрликтин маалыматына ылайык, быйыл республика боюнча 80 гектарга буурчак , 60 гектарга чечевица жана 2200 гектардай жерге соя эгилди.