Путин кайсы учурда өзүн күнөөлүү сезерин айтып берди

Россия лидери кол алдындагыларга сөгүш берип же аларды иштен бошотууну сейрек жасаш керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин эгерде анын берген буйругу аткарылбай, иш алга жылбаса, буга өзүнүн да күнөөсү бар деп эсептерин айтты. Бул пикирин Россия лидери калк менен болгон түз байланышта билдирди.

Анда журналист айткандары аткарылбай калса, президенттин чыдамы канчага чейин жетерин сураган.

"Кимдир бирөө мен айткан нерсени аткарбай, иш жасалбай калса, демек, мен өзүмдүн күнөөм бар деп сезем. Аткаминерлерге кылыч булгалап (образдуу айтканда — ред.), артынан сая кууган ыкманы өтө зарыл болгон учурларда гана колдонуу керек", — деди президент.

Түз байланышта Путин россиялыктардын суроолоруна жооп берип жатат.