Кол алдындагылары ыйлап жүрөт. Депутат министр Кудайбердиеваны сындады

Депутат жалпы өлкө сынга алып жаткан министрдин жумуштан качан кетерине кызыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Депутат Евгения Строкова Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны сынга алды.

Анын айтымында, буга чейин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет министрликти текшерүү үчүн түзүлгөн топтун ишинин жыйынтыгын караган.

"Көпчүлүктүн добушу менен министрликтин иши канааттандырарлык деп табылды. Ал кимди канааттандырып жатканын түшүнгөн жокмун. Комитеттин жыйыны алдында ал ар кайсы депутаттардын кабинетине чуркап жүргөнүн баары көрдү. "Билим берүүнүн отличниги" деген төш белгилери дагы калган окшойт. Күнөөнүн баарын орун басарларына оодарып салды. Керек болсо орун басарлардын баарын өзү тандаган", — деди депутат.

Китептеги ката: Абылгазиев министр Кудайбердиевага болушуп чыкты
Строкова кошумчалагандай, текшерген топ китептердин жараксыз болуп калышы анын күнөөсү экенин далилдесе дагы, муну эч ким эске алган жок.

"Жогорку Кеңеште андан сылык киши жок. Бирок коллективи анын орой мамилесин айтып даттанып келишет. Эми жаңы "фишка" таап алыптыр. Ким сындаса ошону кеңешчи кылып алат", — деди эл өкүлү.

Сөзүнүн аягында депутат жалпы өлкө сынга алып жаткан министрдин жумуштан кетер-кетпесине кызыкты.