КР түрмөлөрүндө теологдор иштей баштады. Жаңы демилге

Жаза аткаруу мекемелериндеги соттолгондор менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, штаттык бирдик менен теологдор жумушка алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы түрмөлөрдө террордук мүнөздөгү жана экстремисттик кылмыштар менен соттолгондордун саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев кабарлады.

Мындай билдирүүнү ал өлкөнүн кылмыш жана жаза ситемасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин отурумунда жасады.

"2012-жылы мындай категориядагы кылмышты жасап соттолгондордун саны 100 адам болсо, азыркы күндө 554кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү 20дан 30 жашка чейинкилер", — деди Турганбаев.

Ошондой эле ЖАМК башчысы жаза аткаруу мекемелериндеги соттолгондор менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, биринчи жолу штаттык бирдик менен теологдор жумушка алынгандыгын жана анын негизинде 11 адам террористтик-экстремисттик уюмдардын мүчөлүгүнөн чыккандыгын айтты.