Атамбаевге иш козгоого негиз бар деп эсептеген депутаттар. Тизме

Добуш берүүгө катышкан 105 депутаттын 100ү "макул", беши "жок" деген добуш берди.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "иши" боюнча токтомго добуш берген депутаттардын тизмеси интернетке чыкты.

Атамбаевге иш козгоого негиз бар деп эсептеген депутаттар. Тизме

Атамбаевден кол тийбестикти алып ЖК эмне пайда көрөт? Депутаттын түшүндүрмөсү
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеште Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн айып коюу боюнча иштеген комиссиянын ишинин корутундусу каралды. Анын жыйынтыгы менен "Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратуу үчүн айып коюу" токтому кабыл алынды.

Добуш берүүгө катышкан 105 депутаттын 100ү "макул", беши "жок" деген добуш берип, документ Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Эми Башкы прокуратура жети күндүн ичинде кылмыш ишин козгоого негиздин бар-жогун аныктап чыгат. Эгер болсо, Атамбаевден кол тийбестикти алуу маселеси талкууланмакчы.