Ала-Белде аласалып сууга кулаган газовоздун айдоочусу мүрт кетти. Сүрөт

Айдоочу Бишкектен Жалал-Абадды көздөй 15 тонналык цистерна менен жаратылыш газын ташып бараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа трассадан чыгып кетип Чычкан дарыясына кулаган. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Жол кырсыгы бейшемби күнү, 20-июнда, эртең мененки саат 07.40та Ала-Бел ашуусунда болгон.

"Рулда Кара-Балта шаарынын 52 жаштагы тургуну болгон. Ал Бишкектен Жалал-Абад шаарына 15 тонналык цистерна менен жаратылыш газын ташып бараткан. Бир маалда жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип Чычкан дарыясына кулаган", — деди Сатыбалдиев.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган. Ал жеринде мүрт кеткен. ЖКККБдан билдиришкендей, газ сыртка чыккан эмес.