Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду

Тийиштүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейине Мира Жангарачева директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

"Маданий дааватты" баштоо зарылдыгы тууралуу. 5 сунуш
Музейдин буга чейинки жетекчиси Юристанбек Шыгаев отставкага кеткен болчу. Маданий жайда жаңжал чыгып, ага директордун дагы катыштыгы бар экени айтылган.

Жангарачеваны жетекчи кылып дайындоо боюнча тийиштүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Жангарачева Мира Камилевна 1952-жылы туулган. Билими жогорку.