Трамп экинчи ирет президент болуу аракетин баштады

Президенттин шайлоо алдындагы митинги 20 миң кишини батырган Amway Center аренасында өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. АКШ лидери Дональд Трамп 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, 2016-жыл тарыхтагы урунттуу учур эле, анткени төрт жыл мурда ал биринчи жолу өзүнүн президент болуу ниетин билдирген.

"Биздин эки жарым жылда жасаган ишибизди буга чейин эч ким жасай элек болчу. Бир жолу жасадыкпы, демек, экинчи ирет да колубуздан келет. Ошон үчүн мен бүгүн алдыңарга чыгып, президенттик такты үчүн күрөш кампаниямды баштаганымды расмий жарыялайм", — деди Трамп.

Трамп АКШ менен Россиянын мамилесине доо кетирген иликтөө тууралуу айтты
Саясатчы Флорида штатынын Орландо шаарындагы иш-чарада сүйлөгөн. Трамптын шайлоо алдындагы митинги 20 миң кишини батырган Amway Center аренасында өттү.

Азырынча социологдордун эсептөөсү боюнча учурдагы президенттин башкы атаандашы, экс-вице-президент Жо Байден алдыда (шайлоочулардын 49 пайызы, Трамптыкы — 39 пайыз) келе жатат. Белгилей кетчү жагдай, 2016-жылы да алдын ала айтылган божомолдор боюнча Трамптын атаандашы Хилари Клинтон алдыга озуп чыккан. Бирок анда Трамп 306 добуш менен 227 добуш алган Клинтонду утуп алган.