Өзбек бийлиги кыйын турмушта калган мигранттарын өлкөгө кайтарууда

Алар документтерин жоготуп алышкан же болбосо таптакыр эле акчасы жок калып, мекенине кайтып келе албай калгандар эле.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Өзбек бийлиги 2018-жылдын октябрь айынан тарта Россияда кыйын жагдайда калган 950гө жакын мигрантына үйүнө кайтып келүүгө жардам берди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстанга Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери боюнча министр Шерзод Кудбиев айтып берген.

Буга чейин Россиянын аймактык органдарынын убактылуу кармоо борборлорунда турган өзбекстандык 1,5 миң жаранды кайтарып келүү боюнча макулдашуу болгон. Алар документтерин жоготуп алышкан же болбосо таптакыр эле акчасы жок калып, мекенине кайтып келе албай калгандар эле.

Кудбиевдин айтымына караганда, азыр 950 адам үйүнө келди. Министр уюштуруу жана логистикалык маселелер көп убакытты алып коюп жаткандыгын айткан.

"Өкүлчүлүгүбүз бар Москва, Питер сыяктуу шаарларда иш алып баруу жеңил. Россия деген учу-кыйыры чексиз аймак эмеспи, башка жактарды камтууга биздин чамабыз жетпей жатат", — деген Кудбиев.

Өзбек тарап Россиянын кайсы гана жеринен болбосун документи жок болуп жана башка оор жагдайларга тушуккан жарандарды жол киресин жана башка чыгымдары төлөп алып келүүгө даяр экендигин билдирди.

Мирзиёев Сирияга алданып кеткен 156 жаранын кайтарып алды
Расмий маалыматтарга таянсак, учурда Өзбекстандын 33 миллион калкынын ичинен 2,3 миллионго жакын жараны акча табуу үчүн сыртка чыгып кеткен. Бул - ишке жарамдуу калктын 20 пайызы дегендик.

Россия ИИМинин маалыматына караганда, алардын аймагындагы мигранттардын 10 пайызын (1 миллионго жакынын) өзбекстандыктар түзөт.

Буга чейин Өзбекстандын ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктери Россиядагы жумуш орундары боюнча маалыматтар базасына кошулары айтылган.

Өзбекстандык мындай агенттиктердин россиялык иш караштыруу системасына киргизүү маселеси жакында эле эмгек миграциясын өнүктүрүү боюнча өзбек-орус өкмөт аралык комиссияда талкууланган.