"Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда. Сүрөттөр

Мыйзамсыз иш алып барган сатуучулардын 30 конструкциясын алып салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Ош" базарында башаламан сооданы жок кылуу уланып жаткандыгын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Муниципалитеттин айтымында, учурда жайма базардан Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши, Чүй проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши, Киев жана Кулиев көчөсүнөн тарта Бейшеналиева көчөсүнө чейин, Бейшеналиева көчөсү жана Чүй проспекстиси, Бейшеналиева жана Киев көчөлөрү, Чүй проспектисинен тарта Кулиев жана Бейшеналиева көчөлөрүнө чейин бошотулду.

Ленин районунун акимчилигинин кызматкерлери 30дай объектини алып таштаган. Алар — 4 металл конструкция, 5 чатыр, 15 стол, 6 чоң кол чатыр жана бирдик жүктөгөн бир пункт.

Сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.