Москвада кыргызстандык мигранттар мушташып, бири каза тапты

Чыр метро станциясынын жанында чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Москвада кыргызстандыктар арасында массалык мушташ чыгып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу "Московский комсомолец" жазды.

Бишкектеги массалык мушташ. Милиция анын катышуучуларын тапты
Окуя 19-июнь күнү "Электрозаводская" метро станциясынын жанында болгон. 18-20 жаштагы балдардын тобу Большая Семеновка көчөсүндөгү "Иссык-Куль" ресторанында эс алып жатышкан. Администратордун айтымында, коноктор спирт ичимдиктерин ичип, маанайлары көтөрүңкү болчу.

Алар таңга чейин отуруп, андан соң метрого жөнөшкөн. Чыр жөө адамдар өтө турган жол чийинден чыккан. Алар шампандын бөтөлкөсү менен чабышып, бычак колдонушкан. Натыйжада алардын бири оор жаракат алып каза тапса, үчөө ооруканага жеткирилген.

Россиянын Москва боюнча Ички иштер башкы башкармалыгы Sputnik Кыргызстан агенттигине материалдар Тергөө комитетине өткөрүлгөнүн маалымдашты.