Опумбаев Орозбек Найманович — өмүр баяны

Орозбек Опумбаев Фрунзе шаарында 1963-жылы туулган.
Sputnik

Билими: Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен экономика жаатында билим алган. Андан кийин ушул эле окуу жайды, тагыраагы, Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги менен аяктаган.

Казакстандын (Алматы) улуттук коопсуздук боюнча комитетинин жогорку курсунан өткөн.

Эмгек жолу:

  • 1992 — Улуттук коопсуздук боюнча органдарда оперативдүү ыйгарым укуктуу кичи кызматкери;
  • 1995 – 2002 — КРдин Улуттук коопсуздук комитетинин органдарында жетекчилик кызматта иштеген;
  • 2002 —Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2002 – 2006 — Улуттук коопсуздук кызматынын контрчалгын боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2006 – 2010 — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2012 – 2013 — Президенттин аппаратынын коргонуу жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 2013 – 2016 — УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы;
  • 2018 – 2019 — УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары;
  • 2019-жыл, июнь — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган, Даңк медалынын ээси, полковник.

Үй-бүлөлүү, эки уулу бар.