Айтпай-дебей жол куруп... Кыргыз-тажик чек арасында кайра чыр чыкты

Сүйлөшүү бүгүн да уланат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Баткен районунун Таш-Тумшук калктуу конушундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү тажик тарап мамлекеттик чек аранын такталбаган жеринде жалпы пайдалануудагы Исфара — Ак-Сай — Ворух жолунун бөлүгүнө асфальт төшөө иштерин баштаган. Аракет Кыргызстан менен макулдашылган эмес.

"Тажикстандыктар кечки саат 8ден 9.20га чейин жолду жаап салышкан. Кыргыз чек арачыларынын иштерди токтотуп, жолду ачуу талабы аткарылбай, ортодо чыр чыккан. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин жол куруу иштери токтотулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Баткен: чыр чыккан Ак-Сайдагы көйгөйлөрдү чечүүгө 220 млн. сом бөлүндү
Ал эми жергиликтүү бийлик тургундар арасында түшүндүрүү иштерин күчөткөн.

Эки өлкөнүн чек арачылары бүгүн да жолугуп, абалды жана мындан аркы аракетти талкууламакчы. Ушу тапта чек арада абал тынч жана туруктуу.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы 976 чакырымдык тилкенин 504ү делимитацияланып, демаркацияланган. Тактала элек калган бөлүгүнүн айынан чыр чыгып келет.