Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди

Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы экс-президенттин тиешеси болушу мүмкүн деген алты фактыны ачыктады.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевге айып тагуу боюнча кийинки аракеттерди санап берди.

Белгилей кетсек, комиссия 13-июнда түзүлгөн. Эки күндүк иликтөөдөн кийин Атамбаевге коюлган айыптардын тизмеси тогуздан алтыга чейин кыскарган. Комиссиянын максаты — Атамбаевди "экс" макамынан ажыратуу үчүн күнөө коюу боюнча корутунду чыгаруу. Ал ишин 18-июнда аяктады

"Эртең парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети комиссиянын корутундусун жалпы жыйынга алып чыгышы керек. Жогорку Кеңеш аны жактыргандан кийин Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Ал жети күндүн ичинде кылмыш ишин козгоого негиздин бар-жогун аныктап чыгат. Эгер андай негиз бар болсо Атамбаевден кол тийбестикти алуу маселеси талкууланат", — деди Иманалиев.

Эске салсак, УКМК экс-президенттин ТЭЦти модернизациялоодогу коррупцияга тиешелүүлүгү боюнча иш өзүнчө иликтөөгө алынганын билдирген. Мындан тышкары, Атамбаевдин аты Тарых музейин оңдоодогу иште да кездешерин айткан.

Экс-президенттин кол тийбестиги кантип алынарын да тактаганбыз.