БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов өзүнүн жана кызматкерлеринин канча айлык аларын Жогорку Кеңештин жыйынында айтып берди.
"Төрага — 26 миң 500 сом, аудиторлор — 18 миң 900 сом алса, инспекторлордуку 13 миң 600 сомдон башталат. Бирок буга иш тажрыйбасы жана чинине карап кошумча төлөмдөр каралган", — деди Марипов.
Депутат Улукбек Ормонов аудиторлор таап чыккан мыйзамсыз акчалардан Эсеп палатасына пайыздар калар-калбасына кызыкты.
"Мурда атайын эсеп бар болчу, бирок эл аралык уюмдардын демилгеси менен жабылган. Азыр палатанын бюджетинин 10 пайызынан турган фондубуз иштейт. Анда 20 миллион сомдой каражат бар. Жакшы иштеген кызматкерлерге сый акы катары берип турабыз", — деп түшүндүрдү төрага.
Мындан соң депутат миллиондогон каражаттар боюнча мыйзам бузууларды тапкан аудиторлор өздөрү коррупцияга аралашып кетпеши үчүн айлыгын көтөрүү зарыл экенин кошумчалады.