Эл аралык документтерди жасалмалашкан. Бишкекте шектүү кармалган видео

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жасалма документтерди даярдоо менен алектенген кылмыштуу топту колго түшүрдү.
Sputnik

Бишкектен шектүүлөрдүн бирин кармоо учуру YouTube каналына жүктөлдү.

Айдоочулук күбөлүктүн ордуна эмнеге кагаз берилип жатат? Мамкаттоонун жообу
Кадрдан кишинин бирөөгө документ берип, акча алып жатканын көрүүгө болот. Ошол учурда Финполдун кызматкерлери аны колго түшүрүшкөн. Жанынан 5 миң сом табылган.

Финполдун маалыматына караганда, шектүүлөр Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Карантиндик өсүмдүктөрдүн департаментинин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып мыйзамсыз иштерди жасап келишкен. Тагыраагы, товарларды ЕАЭБ аймагына чыгаруу үчүн керектелген фитосанитардык сертификаттарды жана башка керектүү документтерди даярдап келишкен.

16-июнь күнү төрт шектүү кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.