Бишкек мэринин сейилдөөсү кол алдындагыларга жага бербейт... Видеоотчёт

Ар шаршемби сайын эртең менен эрте Бишкектин мэри Азиз Суракматов муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрөт. Кызматкерлер чогула турган жерди шейшемби күнү кечинде гана угушат. Муну менен Суракматов аларга кезектеги инспекцияга даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.
Sputnik

Бул жолку эртең мененки чогулуш Ленин районуна караштуу Жал кичи районунда болду.

Негизи мындай сейилдөөлөр бир катар сын айтуулар менен аяктайт. Бул жолу Жал кичи районунда курулуш таштандылары толуп кеткени үчүн Санитардык-экологиялык инспекциянын өкүлдөрүнө эскертүү берилди.

Мэр берген тапшырмалар:

Тыналиев көчөсүнө веложол куруу;

Тыналиев көчөсүндөгү аллеяны жакшыртуу;

Жөө адамдар өтө турган чийиндерди жарыктандыруу;

Жалдагы балдар ооруканасынын айланасын жакшыртып, таштандыдан арылтуу;

Тротуарлардагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу.