Бейшембиге карата аба ырайы

Бейшембиде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. 20-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Июль дагы жаанчыл болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +30…+35 градус ысык болот.

Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +20…+25 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ошто +32…+34, Бишкек шаарында +31…+33 градуска жетет.