Радио

Турарбеков: Ысык-Көлдө "Акыл-Билек" билим, спорт жарышы өтөт

"Кыргыз жаш күч" коомдук бирикмесинин долбоорлор боюнча координатору Тилек Турарбеков "Акыл-Билек" жарышы эми жыл сайын өткөрүлө турганын айтты.
Sputnik
Турарбеков: Ысык-Көлдө "Акыл-Билек" билим, спорт жарышы өтөт

Аталган долбоордун максаты — Кыргызстанды билимдүү жана ден соолугу бекем эли бар өлкөлөрдүн сап башына чыгаруу. Бул тууралуу Тилек Турарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун алкагында ички туризмди дагы өнүктүрүүгө болот.

"Бул жарыш 20-июндан 10-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунда өтөт. Иш-чара быйыл биринчи жолу өтүп жаткандыктан 10 адамды кабыл алдык. Ал эми долбоорго катышам деген каалоочулар аябай көп болду. Бизди алыскы региондордон келип катышкандар өзгөчө кубандырды. 20 күндүк жарышты төрт бөлүккө бөлүп, ар бир бөлүккө өзүнчө тапшырмаларды даярдап койгонбуз. Байге фондусу 10 миң сомду түзөт. Андан сырткары, кызыктыруучу белектерибиз дагы бар. Долбоордун алкагында жалаң эле интеллектуалдык оюндар болбостон, катышуучулар спорт боюнча да машыгышат. Атайын бир бөлмөнү китепкана кылып ачтык. Каалоочулар китеп окуп эс алса болот", — деди Турарбеков.

Ал долбоорго 18 жаштан жогору жаштар кабыл алынганын кошумчалады.