ЖРТдан эң көп баллды Жалал-Абад шаарындагы бүтүрүүчү алды

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөө боюнча жогорку балл алгандар туурасында маалымат берди.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөдөн Кыргызстан боюнча эң көп балл алган Жалал-Абад шаарындагы Элдияр Чормонов аттуу бүтүрүүчү болду. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Курманбек баатыр атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү тестирлөөдөн 238 балл алган.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 43 440 мектеп окуучусу катышып, эң жогорку балл 238 болду.

Тесттен өттү деген баллды 27 019 мектеп окуучусу, тагыраагы, бүтүрүүчүлөрдүн 62,2 пайызы алган. Былтыркы жылга (57 пайыз) салыштырмалуу бул көптүк кылат.

"Орточо балл азыр 119,5ке (былтыр 119,4) чейин өскөн. Бул билим берүүнүн сапаты өстү деген көрсөткүч", — деп айтылат маалыматта.

ЖРТдан мыкты деген балл алган 10 бүтүрүүчү:

  1. Элдияр Чормонов – эркек балдардын Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейи (Жалал-Абад шаары);
  2. Нуртегин Колбаев – №70 мектеп-гимназия (Бишкек шаары);
  3. Аида Борукулова – №1 мектеп-гимназия (Лейлек району);
  4. Жеңишбек уулу Талантбек — "Семетей" лицейи (Кадамжай району);
  5. Мамажанова Гулшода — кыздардын №20 кыргыз-түрк лицейи (Жалал-Абад шаары);
  6. Дария Мусаева — №12 окуу-тарбия мектеп-гимназия комплекси (Бишкек шаары);
  7. Анастасия Чичкова — №38 окуу-тарбия комплекси (Бишкек шаары);
  8. Эрали кызы Сезимай — кыздардын "Себат" лицейи (Ош шаары);
  9. Эржигит уулу Тыныбек — эркек балдардын Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейи (Жалал-Абад шаары);
  10. Мухомедьярова Алина — №67 окуу-тарбия мектеп-гимназия комплекси (Бишкек шаары).