UEFA уюмунун экс-президенти Мишель Платини коррупция иши боюнча камакка алынды

Аны сот полициясынын коррупцияга каршы башкармалыгынын кызматкерлери кармаган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Европалык футбол ассоциациясынын (UEFA) мурдагы башчысы Мишель Платини бүгүн, 18-июнда, камакка алынды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

УКМК: "Кыргыз темир жолу" бюджетке 69 млн. сом чыгым келтирген
Аны 2011-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрө турган өлкөнү аныктаганда коррупцияга аралашкан деген кине менен темир тордун артына отургузушкан.

Кийинки чемпионаттын Катарда өтөрү маалымдалган.

RT франциялык Mediapart порталына шилтеме кылып, 63 жаштагы экс-аткаминер Франциянын Нантерр шаарындагы коррупциялык иштерге каршы соттук полиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалгандыгын жазды.

Елисей сарайынын мурдагы катчысы Клод Геандын (Николя Саркози учурунда UEFA жетекчиси болуп турган) да сурак берип жатканы айтылды.