Өзгөндө миллион сомдук алтын буюм, 380 миң сом акча уурдады делгендер кармалды. Сүрөт

Кылмышка шектүүлөрдүн буга чейин дагы сот жоопкерчилигине тартылганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Өзгөн шаарында тургундун үйүнөн 380 миң накталай акча менен бир миллион сомдук алтын буюм уурдоого шектелип беш киши кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя үстүбүздөгү жылдын 28-мартында болгон. Өзгөн шаарынын 51 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

"Криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракети менен шектүү катары беш адам кармалды. Өзбекстандын 59 жаштагы, Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы эки тургуну, ошондой эле Өзгөн районунун 47 жана 43 жаштагы эки жашоочусу уурулукка шектелүүдө", — деди Аширбаев.

Ууруга кирген бала дүкөндүн терезесине кыпчылып калды. Сокулуктагы окуянын сүрөтү
Маалымат катчы кошумчалагандай, шектүүлөр буга чейин терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү, өзүм билемдик, улуттук, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу боюнча сот жоопкерчилигине тартылган.

Алардын жашаган турак жайын тинтүүгө алган учурда алтын буюмдар далил катары табылган.

Учурда кылмышка шектүүлөргө карата Кылмыш жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки иштер башталганы айтылат.

Өзгөн райондук соту шектүүлөрдү эки айга камакка алуу чечимин чыгарып, алар Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилген.