ММА мушкерин сабагандар телефону менен 500 миң сомун тартып алышкан

Жабырланган адам түшкөндүгүн ооруканадан милицияга кабарлашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн.— Sputnik. Чүй облусунун Виноградное айылында 24 жаштагы ММА мушкери  Муса Юсуповду сабап, телефону менен жанындагы 500 000 сомун тоноп кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Жабырланган адам түшкөндүгүн ооруканадан милицияга кабарлашкан. Мушкер ал жерден милицияга арыз жазып, кол салгандар 500 000 сому менен телефонун тартып алышканын билдирген.

Бишкектеги массалык мушташ. Милиция анын катышуучуларын тапты
Эске салсак, буга чейин ММА мушкери Муса Юсуповдун сабалышы боюнча маалымат тараган.

Алдын ала маалымат боюнча, кылмышка өз ара начар мамиле себеп болгондугу айтылат.

Мындан тышкары, жабырлануучу менен сабап кеткендер тууган болуп чыгышкан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Териштирүүнүн натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы жаран кармалган.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.