Барбарис, боярышник, ежевика... Мөмө-жемиштерди кыргызча атап беребиз

Мөмө-жемиштердин мончоктой болгондору бири-бирине окшош келет. Өңүнөн айырмаланбаса, тышынан карап кыргызча аталыштарын так билбей каласың. Котормосун окуган соң угуп эле жүрүпмүн деп айтышыңыз ыктымал.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тибиртке" рубрикасынын алкагында айрым мөмө-жемиштердин кыргызча аталышын тапканга аракет кылды. Белгилей кетсек, буга цитрус өсүмдүктөрү кирген жок.

Материалды даярдоо үчүн Константин Юдахиндин «Орусча-кыргызча сөздүгү» пайдаланылды.

  • Черешня — чие, гилас;
  • Вишня — алча;
  • Шелковица — тыт;
  • Ежевика — кара бүлдүркөн, маймынжан;
  • Земляника — кызылгат;
  • Костяника — кожогат;
  • Клубника — кулпунай;
  • Черника — кара моюл;
  • Барбарис — бөрү карагат;
  • Чёрная смородина — чыны карагат;
  • Рябина — четин;
  • Персик — шабдалы;
  • Абрикос — өрүк;
  • Слива — кара өрүк;
  • Боярышник — долоно;
  • Айва — бихи;
  • Инжир — анжир;
  • Жимолость — шилби;
  • Шиповник — ит мурун;
  • Облепиха — чычырканак;
  • Лох себеристый — жийде;
  • Финик — курма.

"Тибиртке" рубрикасынын өткөн чыгарылышында кээ бир балыктардын аталышын кыргызчасын тапканга аракет кылганбыз.