Бүткөн бою калчылдап, жыгылып кала жаздаган Меркель. Видео

Германия канцлери Ангела Меркель бүгүн, 18-июнда, салтанаттуу иш-чарада жагымсыз абалга туш болду.
Sputnik

Берлинде Германия канцлери Ангела Меркель Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда аз жерден кулап кала жаздады. Бул туурасында РЕН ТВ жазды.

Видео YouTube каналына жарыяланган.

Ангела Меркель Зеленскийди тосуп алып, делегация мүчөлөрү менен тааныштыргандан соң экөө күн алдында турган.

Эске салсак, Зеленский 17-июнда Францияга, ал эми 18-июнда Германияга иш сапар менен барган.

Зеленский калчылдаган Меркелге эмнеге жардам бербей койгонун айтты
Бир катар маалымат каражаттарынын жазганына караганда, аба ырайынын температурасы 30 градуска жетип ысык болгондуктан, ачык асман алдында турган канцлер аз жерден жыгылып кала жаздаган.

Ангела Меркель менен Владимир Зеленский катар турганы видеого тартылган.

Кадрдан Меркелдин колдорун майда калтырак басып, ал эрдин бекем тиштеп сыр билдирбөөгө аракет кылганын, бир учурда чайпалып жыгылып кете жаздагандыгын көрүүгө болот. Катуу калтырак бир аздан кийин бүткөн боюна тараган.

Жаш президент какайган тейде тура берип, жаман болуп жаткан канцлерге кылган ишараты да байкалбайт.

Маалыматтарда канцлердин калтырагандыгын басуу үчүн колун 8 ирет алмаштырганы айтылды.