Мектептин ашпозчулары кесипкөйлүгүн жогорулатат

Министрлик алар үчүн атайын квалификациялык талаптарды иштеп чыгып бекиткен.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жайкы каникул учурунда мектептин ашпозчулары квалификациясын жогорулата турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматта атайын ашпозчулардын кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн 72 сааттык окуу программасын түзгөнү айтылат.

"Ушу тапта башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак 1371 мектепте уюштурулган. Ашканаларда 1500дөй ашпозчу иштейт. Министрлик алар үчүн атайын квалификациялык талаптарды иштеп чыгып бекиткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Жай айларында курстан ар бир үчүнчү мектеп ашпозчусу өтөрү кошумчаланды.