Чүйдө алдамчылар 8 миң еврону жасалма акчага алмаштырып кетишкен

Алданган жаран 616 миң сом чыгым тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан жасалма акча чыгарган деген шек менен эки киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Өзгөндө миллион сомдук алтын буюм, 380 миң сом акча уурдады делгендер кармалды. Сүрөт
Билдирмеге караганда, 2019-жылдын 16-июнунда Лебединовка айылынын 39 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал белгисиз эки киши 16-июнда 8000 еврону жасалма акчага алмаштырып кеткенин билдирген. Мунун кесепетинен жаран 616 миң сом чыгым тарткан.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 225-беренеси (акчаны жана баалуу кагазды жасалмалоо) боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Кийин шектүү катары 29 жаштагы С.А. менен 25 жаштагы С.Д. кармалган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.