Бишкекте эмерек цехинен чыккан өрт өчүрүлдү. Жеринен тартылган сүрөттөр

Окуянын кесепетинен эмерек цехинин 300 чарчы метри күйүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкектеги Матросов көчөсүндө жайгашкан эмерек цехинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучуларга кырсык тууралуу маалымат саат 16:12де түшкөн. Жерине төрт өрт өчүрүү унаа тартылып, саат 16:40та чектөөгө алынган.

Окуянын кесепетинен эмерек цехинин 300 чарчы метри күйүп кетти.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.