Фарид Ниязов: бийлик мыйзам бузбаса, эч кандай нааразычылык акциясы болбойт

Ниязов расмий органдардан документтер келсе ар бир пункту боюнча жооптор берилерин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Атамбаев мыйзам чегинде өзүнүн тазалыгын далилдейт. Бул тууралуу КСДПнын маалымат жыйынында партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевге ушул убакка чейин ага коюлуп жаткан айыптар боюнча бир дагы документ келе элек.

"Бизге расмий органдардан мыйзамдуу түрдө документ келсе, ар бир пункту боюнча жооптор берилет. Атамбаев ал үчүн расмий өкүл дайындайт", — деди Ниязов.

КСДП: Атамбаевди "экс" макамынан ажыраткысы келген комиссия мыйзамсыз түзүлгөн
Ошондой эле Ниязов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бийлик тарабынан мыйзам бузуулар болбосо, эч кандай нааразычылык акциясы өтпөй турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү 2-отурумга чогулуп, Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган