Рафаэль Физиевдин UFC уюмундагы кийинки атаандашы белгилүү болду

Маалым болгондой, Физиев атаандашы экөө тең UFC уюмунда карьерасын бир убакта баштап, алгачкы мелдештеринде жеңилип калышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC уюмунун кезектеги турниринде бразилиялык Алекс да Силва менен беттешет. Бул туурасында MMA Rocks спорттук порталында айтылат.

Мушкерлердин кармашы 10-августта Уругвайдын борбору Монтевидеодогу UFC Fight Night 156 турниринин алкагында болмокчу.

Эскерте кетсек, Физиев ушул жылдын 20-апрелинде Санкт-Петербург шаарында өткөн UFC уюмунун турнирине алгачкы жолу катышып, каршылашы Магомед Мустафаевге биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңилген. Алгач аны атаандашы чимирилип тээп, кулап түшкөн соң Физиевди ургулаганда рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Ушул эле турнирде бразилиялык мушкер тушоосун кесип, утулуп калган. Ал буга чейин анча белгилүү эмес спорттук уюмдарда күч сынашып жүргөнү белгилүү болду. ММА боюнча 20 беттешти утуп, эки ирет жеңилген.

23 жаштагы Силва Санкт-Петербургдагы турнирде россиялык Александр Яковлев менен беттешип, муунтуу ыкмасы менен жеңилип калган.