Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды

Сөөк табылган жерге ыкчам топ жөнөп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Сырт аймагында ок жеген аялдын сөөгү табылганын Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.

Укук коргоо органдарына билдирүү 17-июнь күнү болжол менен саат 04.00дөрдө түшкөн. Сөөк табылган жерге ыкчам топ жөнөп кетти. Ушу тапта алар менен байланыш жок.

Тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактап жатышат.