Автобус менен кагышкан инкассатор машинасы оодарылып калды. Сүрөт

Кырсык бүгүн Полтавка айылында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Чүй облусунда инкассатор машинасы менен жүк ташыган микроавтобус кагыша кеткенин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Кырсык 17-июнь күнү болжол менен саат 12.30дарда Полтавка айылында болгон. Инкассатор Кара-Балтаны көздөй баратып, аталган жерге келгенде Mercedes менен сүзүшкөн. Андан кийин капталына оодарылып калган. Ушу тапта окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Эки автоунаа тең айып короого токтотулду. Экспертизалар дайындалып, териштирүү башталды. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.