БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын кызматкерлери жана федерацияга мүчө уюмдар Бишкектеги профсоюздар имаратынан алдына митингге чыкты. Бул тууралуу жеринен Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.
Жыйын саат 10.00дө башталды. Анын катышуучулары "Биригүү эркиндигине укуктуубуз!" деген жазуулары бар сары футболка кийип чыгышкан.
Митингге чыккандардын айтымында, депутаттардын демилгеси профсоюздардын эркиндигине чектөө киргизип жатат.
"Бул мыйзам совет доорунан калган эски түшүнүктөрдү таңуулап, жарандык активист жана бейөкмөт уюмдардын ишине тоскоолдук жаратат", — деп айтышты катышуучулар.
Ошондой эле алар мыйзам долбоору эл аралык укукка жана Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келерин белгилешти.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Данияр Төлөнов кийинчерээк комментарий берерин айтты.