Бишкек мэриясынын аткаминери кабинетинен пара алып жатып кармалган видео

Бишкекте Октябрь райондук администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн сатуу секторунун жетекчиси 14 миң сом пара алганы үчүн кармалды.
Sputnik

6-июнда Финансы полициясына ишкер кайрылып, ал мэриянын өкүлү ушул жылдын мартынан бери ай сайын шаардагы базарлардын биринде ишкерлик жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн акча алып жатканын айткан. Арыз 326-берене ("Акча талап кылуу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы 10-июнда акимчиликтин кызматкерин пара алып жаткан жеринен иш кабинетинен кармаганын билдирди.

Финполдун маалыматы боюнча, райондук администрациянын өкүлдөрү кызмат абалынан пайдаланып ишкерлик кылган адамдардан ай сайын 100 миң сомдон пара алып турушкан.

Кармалган аткаминер №1 тергөө абагына киргизилип, кылмышка аралашкандар такталып жатканы айтылат.