Июль дагы жаанчыл болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

Жаан-чачындын айлык көлөмү айрым аймактарда нормадан арбын болушу божомолдонууда.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги июль айында Кыргызстандагы аба ырайына божомолун айтты. Ага ылайык, жайдын алгачкы айында өлкөнүн жети облусунда тең аба ырайы өз нормасында сакталат.

Июль дагы жаанчыл болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу
Июль дагы жаанчыл болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

Чүй облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 23…25 градусту түзөт. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 16…18 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18 градустан 20…25 градуска чейин, күндүз 25…30 градустан 32…37 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 18-23 мм, тоо этектериндеги райондордо 50-62 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы — 20…22 градус.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 11…16 градустун тегерегин түзөт. Күндүз 22…27 градустан 29…34 градуска чейин өзгөрүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (16-20 мм).

Ош, Жалал-абад жана Баткен облустары

Ысык-Көлдө быйыл эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы
Абанын орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 24…26 градус, тоо этектериндеги райондордо 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн 13…18 градустан 20…25 градуска чейин жылыйт. Күндүз 25…30 градустан 32…37 градуска чейин ысымакчы.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын (9-16 мм), тоо этектериндеги райондордо нормадан көп (27-60 мм) болушу мүмкүн.

Ысык-Көл облусу

Абанын температурасы климаттык нормага жакын болуп, 16…18 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бул айда Ысык-Көлдө абанын температурасы түнкүсүн 10…15 градус жылып, күндүз 16…21 градустан 24…29 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу божомолдонууда (30-45 мм, чыгышында 60-81 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 16…18 градус жылуу болот деп айтылууда.

Күндүн табы түнкүсүн 6…11 градус, күндүз 16…21 градустан 24…27ге чейин жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болмокчу (24-41 мм).