БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштерге тиешеси бар же жогу өзүнчө тергелип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сагынбек Самидин уулу билдирди.
Парламентте атайын депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу маселесин карады. Анда мурдагы ажого кандай айыптар коюлуп жатканы тизмектелди.
"Бул факты Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо боюнча бирдиктүү реестрге киргизилип, тергөөнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Коррупция беренеси (319) боюнча материалдар атайын бөлүнүп алынган", — деди Самидин уулу.
Аталган комиссия бүгүн, 17-июнда, экинчи отурумун өткөргөн. Анда ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Мырзалы Жумабаев экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин иши боюнча сурак берип жатып Атамбаев президент кезинде кримтөбөл Батукаевди бошотууга тапшырма бергендигин айтты деп билдирген.