Англиядагы аралга багбан изделип жатат. Айлыгы 28 миң фунт

Кызматка алынчу адам стресске туруктуу болушу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Корнуэллдагы Сент-Майклс-Маунт (Англия) аралына багбан болуп иштечү адис изделип жатат. Бул тууралуу The Sun жазды.

Аралда бир гана заңгыраган сепил бар. Анын тегерегинде сейрек кездешкен жана укмуштуудай кооз бак-дарактар жана өсүмдүктөр өсөт. Учурда аларды карап, кам көрүп туруу үчүн багбан изделип жатат. Багбанга аралдан бир нече бөлмөлүү үй берилип, жылына 28 миң фунт (2,4 миллион сом) айлык төлөнөт. Учурда аралда 30 киши жашайт. Бирок ал жакка жылына 350 миңдей турист келип кетет.

Кызматка алынчу адам бир нече талапка жооп бериши керек. Мисалы, иш тажрыйбасы мол жана стресстик кыздаалдардан татыктуу чыгып кетүү жөндөмү болушу шарт.