Сак болгула! WhatsApp тиркемеси аркылуу алдамчылыктын жаңы түрү жайылууда

Жөнөтүлгөн шилтемеге кирген колдонуучунун жеке маалыматтары уурдалары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. ESET антивирустук компаниясы WhatsApp тиркемеси аркылуу жайылып жаткан алдамчылыктын жаңы түрүн аныктаганын "Известия" жазды.

Маалыматка караганда, тиркеменин колдонуучуларына компаниянын 10 жылдык юбилейине карата делип бекер мобилдик трафик сунуштаган шилтеме жөнөтүлөт. Ага кирип суроолорго жооп берүү менен 30 таанышка жөнөтүү сунушталат.

ESET антивирустук компаниясынан билдиришкендей, мындай талаптарды аткарган адамдардын жеке маалыматтары уурдалат.