Зеленский элден фонтанды аралай качты. Видео

Украина президенти Владимир Зеленский Мариуполь шаарында сүйлөп бүткөндөн кийин аны калаа тургундары тегеректеп алды.
Sputnik

Зеленскийдин элдин арасынан качып чыккан видеосу YouTube тармагына жүктөлдү.

Маалыматка караганда, ал Театралдык аянтында сүйлөп бүтүп, анча алыс эмес жердеги Драма театрына баскан. Жолдон аны шаардыктардын жоон тобу курчап алган. Ошондо ал автоунаасын көздөй иштеп жаткан фонтанды аралай чуркаган.