Бирөөнү куткарам деп сууга чөккөн жигит үйдүн жалгыз уулу болгон. Баткендеги кырсык

Кырсык болгон күнү ал досунун үйлөнүү тоюна келген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Баткен районунун Төрт-Гүл суу сактагычына чөгүп жаткан баланы куткарам деп өзү дагы каза болгон 22 жаштагы жигит бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу болчу. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

Эске салсак, 15-июнь күнү балдар аталган суу сактагычтын жанында жүрүшкөн. 20 жаштагы бала сууда сүзүп баратып чөгө баштаган. Жээкте турган 22 жаштагы жигит куткарам деп барып өзү кошо чөгүп кеткен. Аларды издөө иштерине кечээ 15, бүгүн 34 куткаруучу тартылган. Биринин сөөгү бүгүн, 16-июнь күнү эртең менен саат 7.35те, экинчисиники 7.55те табылган.

"22 жаштагы жигит Баткен облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан ефрейтор болчу. Үй-бүлөсүнүн жалгыз уулу эле. Кырсык болгон күнү досунун үйлөнүү тоюна келген. Жаштар көңүл ачуу үчүн суу жээгине барганда, ал жерде байтааныш төрт бала сууда сүзүп жүргөн экен. Бир маалда алардын бири сууга чөгө баштайт. Ошондо ефрейтор менен кошо анын эки досу жардамга барган. Алар чөгүп жаткан баланы жээкти көздөй алып келе жатып, бирок эмнегедир экөө сууга чөгүп кетишкен. Ал эми аскер кызматкеринин эки досу жээкке сүзүп чыгууга үлгүргөн", — дешти жакындары.

Сууга чөккөн 20 жаштагы бала Самаркандек айылынан экени айтылууда, ал эми ефрейтор Баткен шаарынын тургуну болгон.

Маркумдардын сөөгү 16-июнда жерге берилди.