Бири экинчисин куткарам деп чөгүп кеткен. Баткенде эки жигиттин сөөгү табылды

Балдар ишемби күнү түштөн кийин кырсыкка учураган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Баткендеги Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен эки жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Окуя 15-июнь күнү болгон. Маалыматка караганда, балдар аталган суу сактагычтын жанында жүрүшкөн. 20 жаштагы бала сууда сүзүп баратып, чөгө баштаган. Жанындагы 22 жаштагы жигит куткарам деп барып өзү кошо чөгүп кеткен.

"Саат 16.00дөр чамасында эки адам чөккөндүгү тууралуу маалымат 102 кызматынан ӨКМге түшкөн. Издөө иштерине кечээ 15, бүгүн 34 куткаруучу тартылган. Биринин сөөгү саат 7.35те, экинчисиники 7.55те табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Маркумдардын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.