Радио

Рыспаев: аткаминерлер элдин башчысы эмес, кызматкери экенин унутпашы керек

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча эксперт Бакыт Рыспаев коомчулук салык төлөп жаткан соң аткаминерлерден сурак алып турууга акысы бар деген пикирин айтты.
Sputnik
Рыспаев: аткаминерлер элдин башчысы эмес, кызматкери экенин унутпашы керек

Мамлекеттик кызматкерлердин бардык тепкичтегиси бир эле журналисттерге же тиешелүү мекемелердин кызматкерлерине эмес, бардык салык төлөөчүлөргө ачык болуусу шарт. Мындай пикирин Бакыт Рыспаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аткаминерлер маал-маалы менен маалымат берүү, коомдо өзүн алып жүрүү жаатында билим деңгээлин жогорулатып турса ашыктык кылбайт.

"Учурда биздин коом абдан саясатташкан. Ар бир аткаминердин жасаган ишин тескеп турат. Бул жакшы көрүнүш. Салык төлөп жаткан бардык адам өзүнүн мамлекетке берип жаткан каражаты кайда кетип жатканынан маалымат алууга укуктуу. Аткаминерлер өзүн башчы эмес, элге кызмат кылуучу адам катары алып жүрүшү керек", — деди Рыспаев.

Ал ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бардыгы ээлеген кызматына карабай, билим деңгээлин жогорулаткан тренингдерге катышып туруусу зарылдыгын кошумчалады.