Рахмон Душанбеге барган ажолорду өзгөчө коноктоду. Президенттин меймандостугу сүрөттө

Sputnik

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарында өтө турган Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын 5-саммитине барган президенттерди коноктоду. Достук кечесинин сүрөттөрүн Sputnik Тажикстан жарыялады.

Aurus, BMW жана Mercedes. Президенттер Бишкекте кандай унаа менен жүрүштү. Видео
Маалыматта кечеге Россия президенти Владимир Путин, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев, Афганистандын өкмөт башчысы Абдулло Абдулло, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана башка меймандар катышты.

Рахмон саммитке келген меймандарды тажик маданияты, тарыхы жана меймандостуктун мыкты салты менен тааныштырды. Кечеде кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмөлөр уюштурулган. Коноктор Тажикстанда өстүрүлгөн коон, дарбыз, шабдалы, өрүк, алма жана башка мөмө-жемиштерди даамдап көрүштү.

Белгилей кетсек, аталган уюмга 27 мамлекет мүчө.

15-июнь күнү эртең менен аталган иш-чарага катышуу үчүн КР президенти Сооронбай Жээнбеков да Душанбеге учуп кетти.

1 / 12
Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын саммитине келген меймандар үчүн тажик президенти Эмомали Рахмон Достук кечесин уюштурду
2 / 12
Иш-чара Душанбенин аткаруу органынын шаар четиндеги резиденциясында өттү
3 / 12
Кеченин алкагында Рахмон жогорку даражалуу коноктор үчүн атайын экскурсия уюштуруп, өзү маалымат берип жүрдү
4 / 12
Резиденциядагы фонтан
5 / 12
Достук кечесине Россия президенти Владимир Путин да келди
6 / 12
Меймандар үчүн мөмө-жемиш көргөзмөлөрү уюштурулду
7 / 12
Коноктор Тажикстанда өстүрүлгөн коон, дарбыз, шабдалы, өрүк, алма жана башка мөмө-жемиштерди даамдап көрүштү
8 / 12
Кече жагымдуу маанайда өттү
9 / 12
Рахмон саммитке келген меймандарды тажик маданияты, тарыхы жана меймандостуктун мыкты салты менен тааныштырды.
10 / 12
Экскурсия учурундагы Владимир Путин, Шавкат Мирзиёев, Касым-Жомарт Токаев жана башкалар
11 / 12
Белгилей кетсек, аталган уюмга 27 мамлекет мүчө
12 / 12
Иш-чара 15-июнда өтөт