Путин Си Цзиньпинге туулган күнүндө балмуздак менен торт белек кылды. Видео

Кытай лидери быйыл 66 жашка толду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кытай лидери Си Цзиньпинге туулган күнүнүн урматына балмуздак менен торт белек кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Туулган күнгө арналган чакан иш-чара Душанбеде Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын 5-cаммитинин алдында болуп өттү.

​РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин Си Цзиньпинди анын резиденциясына барып куттуктаганын айтты.