Мугалимди келекелесең 657 доллар айып төлөйсүң! Коңшулардагы жаңы демилге

Учурда мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Казакстанда мугалимдин атына шек келтирип, келекелегени үчүн 252 миң теңге (657 доллардын тегереги) айып салуу сунушталууда. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Мындай аракет педагогдордун статусу, мугалим менен окуучунун жүктөмүн азайтуу боюнча мыйзамына өзгөртүү киргизүү максатында каралып жатканы айтылган.

Учурда мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду.

"Анда учурдагы мыйзамдын 127-беренеси толукталат. Эгерде жашы жете элек өспүрүм педагогдун намысын тебелеп, келекелесе, балдардын ата-энеси же алардын ордуна жоопкер алгандар айып төлөйт. Анын көлөмү — жүз эсептик көрсөткүч", — деп айтылат мыйзамда.

Андан сырткары, педагогдорду кесиптик ишмердүүлүгүнөн тыш жумушка тарткандарга жана кошумча отчёт талап кылгандарга карата жазалоо каралган.

Жээнбеков: эми мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт
Эгерде мындай учур биринчи ирет болсо, эскертүү берилет. Кайталанса, кызматтагы адамдарга 40 эсептик көрсөткүчтүн (2 525 тенге же 6,57 доллар) көлөмүндө, ал эми жеке ишкердик субъектилерине 60 эсептик көрсөткүчтүн эсебинде каражат төлөөгө туура келет. Ири ишкердик субъектилерине 120 эсептик көрсөткүчтүн көлөмүндөгү айып пул салынары айтылган.

Казакстанда "Педагогдун статусу жөнүндө" мыйзамды иштеп чыгууга мурдагы президент Нурсултан Назарбаев тапшырма берген. Ал эми мамлекеттин жаңы башчысы Билим берүү министрлигине мугалимдердин башына отчёт тапшыруу деген ашыкча убаракерчиликти үйбөө туурасында маселе койгон. Ал инаугурация учурунда мугалимдин макамын жогорулатуу боюнча жаңы мыйзам кабыл алынарын айткан.